super.kg logo

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкери 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын ыйгарым укуктуу кызматкери Б.У. пара алып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан 17-июнда билдиришти.

Маалыматка караганда, Б.У. кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жаткан С.Т. аттуу бажы кызматкерин жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, андан 140 миң сом акча талап кылган. 2015-жылдын 15-июнунда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Каржы полициясынын кызматкери Б.У. 80 миң сом пара алып жатканда кармалды.

Бул факты боюнча “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “опузалап пара талап кылуу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: