super.kg logo
  Саясат  

Турак жайды өрттөн милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланды

 

“Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Кыргыз мамлекетинин аймагында өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайды милдеттүү камсыздандырууну ишке киргизүү сунуш кылынганы, анткени келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу өлкөбүздүн бюджетине чоң оордук жаратып жатканы айтылды. 

"Азыркы учурда өлкөдө жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөргө карата болгон муктаждык 1 миллиард сомду түзүп жатат. Камсыздандыруунун бул түрүнүн ишке киргизилиши жан бактылык мүнөзү бар жарандардын санынын азайышына жана өздөрүнүн мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруунун принциптери менен коргоого өтүшүнө алып келет",- дешет демилгечилер.

Милдеттүү камсыздандыруу Баш мыйзамга каршы келерин айткан депутат Анарбек Калматов камсыздандыруу боюнча мамлекеттик компания болушу зарылдыгын белгиледи. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мамлекеттик компания түзүү сунушуна кошуларын айтып, милдеттүү камсыздандыруу болбосо, мыйзам иш жүзүнө ашпастыгын билдирди. Табигый кырсыктардан жабыркагандарга буга чейин мамлекеттен 200 миң сомдун тегерегинде каражат берилип келе жатканын, камсыздандыруудан соң 600 миң сомдон ашуун каражат берүү жагы туура болорун түшүндүрүп берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: