super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков депутаттарды Июнь окуяларын саясатташтырбоого чакырды

 

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков 2010-жылдагы Июнь окуяларын саясатташтырбоого чакырды. 

"Айрым депутаттар "мен Ошко барып, эскерүү иш-чарасына катыштым, парламенттен башка эч ким барган жок" деп мактанып жатышат. Бул туура эмес. Азыркы бийлик 5 жылдан бери ошол окуялардын кесепеттерин жоюу, шаарларды калыбына келтирүү, тынчтыкты куруу боюнча иш жүргүзүп жатат. Эбегейсиз жумуш болду. Ошол окуяларды эч ким унуткан жок. Президент 10-июнь күнүн Эскерүү күнү деп жарыялады. Ар жыл сайын өлкө боюнча тиешелүү иш-чаралар уюштурулууда. 11-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун келип, эскерүү иш-чарасына катышты",- деди төрага.

"Июнь окуяларынын пайдубалы 1990-жылы салынган. Ошондон бери туура эмес саясат жүргүзүлүп, ушундай кайгылуу жыйынтыкка алып келди. Ошол окуяларды реваншисттер, үчүнчү күчтөр уюштурушту. Дүйнө эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Өлкөбүздү Кудай сактады. Азыркы бийлик улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө боюнча концепцияны кабыл алды. Жумуш жүрүп жатат. Муну көрбөгөн адам сокур болуп калат го!"- деп кошумчалады Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: