Бишкекте Орусиянын жараны 11 килограмм баңгизаты менен кармалды
Бишкекте 21-февраль күнү Орусиянын жараны ири өлчөмдө баңгизаты менен кармалды. ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, саат 23:30 чамасында шаардагы Ибраимов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен БМВ-520 үлгүсүндөгү унаа текшерилип, андан 11 килограмм 560 грамм героин табылган. Унаанын ээси М.М. аттуу Орусиянын жараны экендиги, ал баңгизатын Тажикстандан Орусияга алып бара жатканы тергөө ишинде аныкталды. Бул иш боюнча кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кылмыш иши козголгонун билдирди ИИМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.