Грузия суу каптоонун кесепеттерин жоюуда. Зоопарктын кызматкерлери Азербайжандын чек арасына жеткен пингвинди алып келүү аракетин көрүшүүдө

Тбилисидеги суу каптоо маалында зоопарктан чыгып кеткен африкалык пингвин Азербайжандын чек арасына чейин жетти. Аны Храми дарыясындагы Кызыл көпүрөгө жетпей табышкан. Пингвин табылган аймак Грузиянын борборунан 60 чакырым алыстыкта турат. Зоопарктын кызматкерлери Азербайжандын чек арасына жеткен пингвинди алып келүү аракетин көрүшүүдө. Ал эми Грузиянын борборунда адамга кол салган жолборс атайын кызматтар тарабынан өлтүрүлдү. Бул тууралуу 17-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бүгүнкү күндө Грузия Тбилиси шаарында болгон суу каптоонун кесепеттерин жоюу менен алектенүүдө. Бул арада жаратылыш кырсыгынан каза тапкандардын саны да көбөйүп жатат. 16-июнга карата маалымат боюнча, каза болгондордун саны 17ге жетсе, дагы 5 адам дайынсыз болууда.
Эске салсак, 13-июнь күнү Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде катуу жааган жамгырдан Вере аттуу ири дарыя ташкындаган. Бир канча үйдү суу каптап, электр зымдары жараксыз абалга келип, коомдук транспорттук каттам токтотулган. Андан сырткары 30дан ашуун үй-бүлө баш паанексиз калган.
Ал эми калаада жайгашкан зоопарк да талкаланган. Андагы бир канча аюу, карышкыр, арстан, жолборс жана башка жапайы жаныбарлар шаар аралап качып кетишкен. Анын айрымдарын кайтарып келишсе, айрымдарын көргөн жерден атып өлтүрүүгө мажбур болушкан.
Автор: Айпери Ганыжан кызы

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.