Парламент кыргыз жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштургандарга карата айып пулдун көлөмүн жогорулатты
Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштургандарга карата айып пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча мыйзамды жактырды. Добуш берүүдө 102 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш берди.
Ага ылайык, чет өлкөгө жумушка мыйзамсыз жөнөтүү менен алектенген адамдарга карата айып пулдун өлчөмүн төмөнкү ченемге чейин жогорулатылат:
- физикалык жактар үчүн – 50дөн (5 миң сом) 100гө (10 миң сом) чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;
- кызмат адамдары үчүн – 100дөн (10 миң сом) 200гө (20 миң сом) чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;
- юридикалык жактар үчүн – 500дөн (50 миң сом) 1000ге (100 миң сом) чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө.
Айта кетсек, эми бул мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

