super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура: "Караколдогу мурунку бала бакчанын имаратын учурда прокуратура, сот жана милиция бөлүмдөрү ээлеп отурушат"

 

Каракол шаарында мурунку бала бакчанын имаратын учурда прокуратура, сот жана милиция бөлүмдөрү ээлеп отурушат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди. 

Анын айтымында, аталган имаратты бошотуп берүүгө жергиликтүү мэрия даяр, бирок муктаждык жок. "Ошондой эле Сокулукта бала бакчанын имаратында прокуратура бөлүмү бар. Аны бошотууга аракет кылып жатабыз",- деди Токтогулов.

Ал эми депутат Каныбек Осмоналиев өлкөдө 20га жакын бала бакчада диний уюмдар жайгашканын маалымдады. "Бала бакчаларды кайтарууда алсыздыкты көрсөтпөө керек. "Убагында ким сатты?", "Кимге сатты?" деп күнөөлүүлөрдү издегендин ордуна бала бакчаларды кайтарып салуу зарыл",- деп сунуштады Осмоналиев. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бала бакчаларды сот аркылуу гана кайтаруу мүмкүн экенин депутаттарга эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: