super.kg logo

Москвада ырчы Жанна Фрискени акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

 
Жанна Фриске менен коштошуу үчүн келген ырчы Анна Семенович
Жанна Фриске менен коштошуу үчүн келген ырчы Сергей Лазерев
Жанна Фриске менен коштошуу үчүн келген ырчы Митя Фомин
Жанна Фриске уулу Платон менен
Жанна Фриске күйөөсү Дмитрий Шепелев менен
Москвада ырчы Жанна Фрискени акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ырчы менен коштошуу үчүн анын достору, жакын туугандары, кесиптештери жана күйөрмандары келишти. Кезек күткөндөрдүн саны улам көбөйүп жатат.
Маркумдун жанында ата-энеси Владимир Фриске менен Ольга Владимировна, сиңдиси Наталья бар. Жанна Фрискенин күйөөсү Дмитрий Шепелев ырчы каза болордон эки күн мурун уулу Платонду алып Болгарияга кеткен. Азырынча коштошуу зыйнатына келе элек.
Ж.Фрискенин сөөгү эртең, 18-июнда ата-энеси жашаган үйгө жакын жайгашкан Николо-Архангельский көрүстөнүндө жерге берилет.

Эске салсак, 16-июнга караган түнү орусиялык белгилүү ырчы Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында каза болгон. Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги рак оорусу менен күрөшүп келген эле. Аны дарылоо үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпы 68 миллион рубль жыйнаганы айтылган.

Рак илдетинен улам Жаннанын көзү көрбөй калганын атасы 2014-жылдын март айында маалымат каражаттарына кабарлаган эле. 

Жанна Фриске 8-июлда 41 жашка чыкмак. Ырчы 1996-жылдан 2003-жылга чейин “Блестящие” тобунда ырдап, андан кийин жеке ырчы катары таанылган. Ал Орусиядагы бир канча тасмаларда роль жараткан.

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
17.06.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун жолдошу келбей журот Болгариядан?тушунбодум....
17.06.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келди деди го Малахов жаны эле пусть говоряттан. Аэропорттон жолуктум дейт
18.06.2015. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
realliver, Болгарияга кетип жатыптыр дедиго. Келбей эле
17.06.2015. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оххх айыккыс ооруулар адамды олумго алпарат тура...оору ороого албасын!!!Жанна Фриске да таланттуу адам эле...
17.06.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
realliver...Келди деген жок го жолдошун?Кетип атыптыр уулу менен деди..Малахов озу келе жаткан..
18.06.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы сапарга узатуу зыйнатында биринчи жолдошу туруш кк эледа ырчынын коз жумганыга Экинчи кун болутат а жолдошу Болгарияда?.....
18.06.2015. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх омур, адам баласы ушул экен да, кандай гана таланттуу ырчы эле, байлык, акча да сактай албады баары бир шум ажал, коркунучтуу ооруу байкуштун жанын алып тынды! Арты кайырлуу болсун, ыйлагым келди аябай мага жаккан айым эле
18.06.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Миллиондогон акча деле жардам бербейт тура .... Шүгүр келтирели ....Ден - соолукта бололу !
18.06.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болоордон 2кун мурун Болгарияга кеткен эле деп жатат уулу менен,орустарда даже бывщая моя деп да келишет похоронго,эри да жетип келээр,тем более бул экоо данный момент эри - катын экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: