Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кечээ, 17-июнда саат 23:25 чамасында Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын очогу Кажы-Сай айылынан 55 чакырым түштүк-чыгышта Жетим-Бел тоо кыркасында болуп, күчү 2,5-3 баллга жетти. Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.