Ысык-Көлдө "Шериктештик балдары-2015" III Эл аралык маданий-агартуу форуму өтөт
Бүгүн, 18-июнда Ысык-Көл жээгинде "Шериктештик балдары-2015" III Эл аралык маданий-агартуу форуму өтөт. Форум Жогорку Кеңеш менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулууда.
Форумдун алкагында бир катар иш-чаралар: Кыргыз маданияты менен тилинин күнү, "Каармандык унутта калбайт" аттуу балдардын чыгармачылык жамааттарынын марафону, "Жеңиш күндөлүгү – муундар байланышы" балдар чыгармаларынын фестивалы, жылдын негизги долбоору – "Бабаларыбыздын согуш жолу" интерактивдүү картасынын бет ачары болот. Андан сырткары согуш темасында жазган акындар менен жазуучулардын чыгармаларына арналган "Өткөн мезгил жолу менен" адабий-музыкалык кечесин өткөрүү пландалууда. Иш-чаранын катышуучулары "Сакталып калган дүйнөнүн да эсинде" аттуу атуулдук темадагы түрмөктөрдү даярдап, "Согуш оюнчугу" көргөзмөсүн ачышат.
Форумдун ишине шериктештикке кирген өлкөлөрдөн: Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстандан келген балдар катышат. Форум 24-июнда жыйынтыкталат.

