Бишкекте айдоочуларга абайлап айдоону эскертүү максатында веложүрүш өтүп жатат






















Бүгүн Бишкекте “Балдар, абайлагыла!” аталышындагы 1 айлык акциянын алкагында веложүрүш өтүүдө. Ага Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектептеринде 9-10-11-класстарда окуган 60 окуучу катышып жатат. Иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ИИМдин
Жол-кайгуул кызматы тарабынан уюштурулган.
Иш-чаранын максаты тууралуу уюштуруучулар төмөнкүгө токтолушат: "Биз веложүрүштү айдоочуларга жолдо жүрүү эрежесин сактап, байкап айдоону эскертүү иретинде уюштурдук. Себеби жай айы келип, балдардын унаа өтүүчү жолдорго чыкканы көбөйөт".
Веложүрүштүн багыты боюнча айтсак, окуучулар велосипед менен Панфилов көчөсүнөн чыгып, Бишкектин бир катар көчөлөрүн айланып келип, "Ала-Тоо" аянтынан токтошот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.