super.kg logo

Баткен. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерге кылмыш иши козголду

 
Жогорку Соттун алдындагы Соттук департаменттин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда кызмат абалынан пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын декабрь айында Баткен жана Кадамжай райондук сотторунун, Баткен шаарындагы райондор аралык соттун имаратын 1 миллион 936,2 миң сомго оңдоо боюнча келишим түзүлгөн. Анда мамлекеттик сатып алуулардын эрежелери бузулганы белгилүү болгон.

Эсептөө палатасынын актына ылайык, оңдоо иштерин аткаруучу “Бай-Тоо” ишканасы капиталдык ремонтко керектелүүчү каражаттан ашыкча акча алган жана каражатты башка сатып алуулар үчүн негизсиз пайдаланган. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 595,1 миң сом зыян келтирилген. Фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: