Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кошулганда импорттук ун биздин унга караганда 10 пайызга арзан болот



Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кошулганда импорттук ун биздин унга караганда 10 пайызга арзан болот. Муну бүгүн, 18-июнда маалымат жыйынында КРнын Ишкерлер союзунун мүчөсү Рустам Жунушев билдирди. Анын айтымында, мындан улам жакында өлкөдө ошол эле Орусия жана Казакстандын уну биздин ундан арзан болгондо жергиликтүү ишкерлер кирешеси жок калышат.
“Учурда ун чыгарган компаниялар өлкө казынасына жылына 600-700 миллион сом салык төлөшөт. Мындан тышкары 10 миң адам иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп келишет.
Биз өкмөттөн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алдында чет өлкөлүк унга болгон пайыздык көрсөткүчтү түшүрүүсүн суранып жатабыз, учурда ал 10 пайызды түзөт. Муну менен ата мекендик буудайды иштеп чыгуучулар тең тайлаша албай калышат”,- дейт Жунушев.





1 |