super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештеги депутаттык топторду түзүүнүн жол-жоболору Конституциялык палатанын чечимине ылайык келтирилүүдө

 

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында депутаттык топтордун ишин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланды. 

Депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, бул долбоор Жогорку Кеңештеги депутаттык топтордун ишин Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын тиешелүү чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. "Ал чечимде депутаттык топтордун парламенттик фракция алкагынан тышкары боло албасы белгиленген",- деди Алтыбаева.

Айрым депутаттар "депутат кайсы партиянын тизмесинен шайланып келсе, ал ошол партиянын парламенттеги фракциясынын курамында болушу керек, ал эми фракция ичинде депутаттык топторду түзүү укугун калтыруу керек" деген пикирде болушту.

Ал эми башка депутаттар фракция ичинде депутаттык топтордун түзүлүшү фракциянын ишине терс таасир тийгизе турганын айтышты.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эгер парламент аны жактырса, ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: