super.kg logo
  Спорт  

Стадионго жооптуу башкармалык күйөрмандардын стадионго кире албай калганы боюнча расмий билдирүү жасады

 

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадион боюнча жооптуу болгон Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы кыргыз өлкөсү менен Австралиянын беттешинде күйөрмандардын стадионго кире албай калганы боюнча расмий билдирүү жасады. Башкармалыктын башчысы Эдил Касеновдун билдирүүсүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бүгүн, 18-июнда таратты. 

Маалыматка ылайык, ФИФАнын эрежесине таянып, башкармалык 15-июнда Дөлөн Өмүрзаков стадионун КРнын Футбол федерациясына өткөрүп берген. "Бизге стадионду даярдоо милдети жүктөлгөн. Биздин кызматкерлердин күнү-түнү аткарган иштеринин жыйынтыгында биз стадионду даяр кылдык. ММКларда жана социалдык тармактарда уюштуруу иштериндеги чабалдыкты катуу талкууга алып жатышат. Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы 15-июнда стадиондун бардык эшиктеринин ачкычтарын беттештин уюштуруучуларына тапшырганбыз жана биз эшикти жаап, күйөрмандарды киргизбөө буйругун бере алмак эмеспиз. Башкармалык техникалык жабдуулар менен камсыздоону жана имаратты тейлөө иштерин тейлөөдө өз ишин аткарды",- деп билдирет Э.Касенов.  

Маалыматта стадиондун директору Абдыхалил Сартбаев да оюн башталганда сыртка чыгып, кайра стадионго кире албай калганы жазылган. Башкармалык күйөрмандарды ичке алууну токтотуу боюнча тапшырманы кимдин бергенин билип берүү суранычы менен ИИМге кайрылды. 

Кошумчалай кетсек, 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өткөн Австралияга каршы беттеш 2:1 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктаган. Бул күндүн эң чоң чыры билети бар күйөрмандардын стадионго кире албай калганы менен байланыштуу.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.06.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тушунгон жокмун. Айландирип эле кайра не дегенин озуда билбейт.
18.06.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uli6886,
Тушунбой турган мне бар. 150 сомдук билетти 500-800 сомго сатып алган куйормандар, бекерчилердин айынан футбол коро алышпай калды. Эми стадион админи акчаларын кайтарып беришкени жатат. Но только 150 сомду.
18.06.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичке алып кандайча????????????

18.06.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
2018 Жылкы дейви???2018ж да ушундай болотпу?
18.06.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жакта кыргыздар барбы? ))))
Ичке алуу=киргизуу.
18.06.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыпкыргызча жазылган созду ал эмне, бул эмне, тушунбодум дегендер кобойду.Кыргызча озунун денгээлин билген сон элди да эзип, адамдын итиркейин келтирбей кыргыз сайттарга кирбей эле койсонор болгудай.Негизи бизде кыргызча билип турса да билбемиш, олумуш болуп, акцент менен тилин чайнап суйлоп мактаныч кылган чала эстер кобойду.Ушул жосунунар менен кыргыз баласымын (кызымын) дегенден айланып эле кеткиле улуттун кесепеттери. Стадионго аттап кирип, кыргызды уят кылгандар да ушундай макулуктар.
st1m_ түзөттү 18.06.2015 21:57
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: