Ишкерлер: “5 жылда биздин ун чыгарган ишканалар чет өлкөнүн компаниялары менен тең тайлашканга жетишет”



"2020-жылга чейин кыргыз жергесинин ун чыгарган ишканалары чет өлкөнүн компаниялары менен тең тайлашканга жетишет". Мындай пикирин бүгүн, 18-июнда маалымат жыйынында “Орион” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Болот Дегенбаев билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинде чыгарылган ун азыктары чет өлкөлүк компаниялардын буудай өндүрүмдөрүнөн кем калышпайт.
“Биздин азыктар экологиялык жактан бир топ таза келет. Бизде азыктын көпкө сакталышы үчүн кошулган консерванттардын көлөмү бир топ аз. Ал эми импорттолгон товарлар жолдо көп жүргөндүктөн, аларга бул химиялык зат көбүрөөк кошулат.
Бүгүнкү күндө өлкөдө орто эсеп менен жыл сайын 800 миңден 1 миллион тоннага чейин буудай өндүрүлөт. Бул республиканын керектөөсүнүн 60 пайызын жаба алат. Бирок Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин импорттук ун биздикинен 10 пайыз арзан болгондо биз алар менен тең тайлаша албай калабыз. Бизге бутка туруп, алар менен атаандаштык түзүү үчүн дагы 5 жылдай керектелет”,- дейт ишкер.
Айта кетсек, КРнын буудай иштеп чыгаруучулары өкмөткө май айынан бери кайрылып, унга болгон коюмду (ставка) чет өлкөлүк компаниялар үчүн нөлгө түшүрүүнү суранып жатышат.

