super.kg logo
  Саясат  

Эсептөө палатасы айыл өкмөттөрүн сансыз текшерүүлөрдү азайтуу жолун тапты

 

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчёту берилди. Талкууда депутаттар өз сунуш-пикирлерин айтышууда.

Депутат Улукбек Кочкоров аталган палата жана башка мекемелер айыл өкмөттөрүн улам-улам текшерип жатканын маалымдады. Бул маселени чечиш үчүн Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова өз сунушун билдирди. "Бизге да айыл өкмөттөрү бул көйгөй менен көп кайрылышат. Эсептөө палатасынын мыйзам чыгаруучу ыйгарым укугу жок. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелерди текшерүү милдетин Эсептөө палатасына гана тапшыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелөөнү сиздерге сунуштаар элем",- деп кайрылды депутаттарга Ибраимова.

Депутат У.Кочкоров тиешелүү мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп чыгууга даяр экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: