super.kg logo
  Саясат  

Эсептөө палатасынын ишин жакшыртууга Дүйнөлүк банк 630 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт

 

Бюджеттик мекемелерге каржылык текшерүү жүргүзүүнүн жаңы стандарттары менен усулдары иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, аталган мекеме коррупциялык жосундарды жоюу максатында аудиттин эл аралык стандарттарына өтүп жатат. "Бул багытта Дүйнөлүк банк менен бирге бюджеттик мекеме жана уюмдарга каржылык текшерүү жүргүзүүнүн жаңы стандарттары менен усулдарын иштеп чыктык. Эсептөө палатасынын ишин жакшыртуу багытында аталган банк 630 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Келишимге ылайык, каражат кызматкерлердин кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү, иш усулдарын жакшыртууга жумшалмакчы",- дейт Э.Ибраимова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: