super.kg logo

Өлкөдө алгачкы беш жарым айда жол кырсыгынан 34 бала каза болуп, 622 бала жаракат алган

 

Өлкөдө алгачкы беш жарым айда жол кырсыгынан 34 бала каза болуп, 622 жашы жете элек бала жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда “Балдар, абайлагыла!” аттуу акциянын жүрүшүндө ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын борбордук аппаратынын жетекчиси Өткүр Умаров билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 5 ай 16 күндө балдардын катышуусу менен жалпысынан 554 жол кырсыгы катталган.

Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарга жолдо өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүүнү ананкыга калтырбагыла. Бул нерседен сиздердин наристеңиздердин ден соолугу жана өмүрү көз каранды”,- дейт Умаров.

Айта кетсек, бүгүн БишкектеБалдар, абайлагыла!” аталышындагы 1 айлык акциянын алкагында веложүрүш өттү. Ага Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектептеринде 9-10-11-класстарда окуган 60 окуучу катышты. Иш-чара жай айы келип, балдардын унаа өтүүчү жолдорго чыкканы көбөйгөндүгүнө байланыштуу айдоочуларга жолдо жүрүү эрежесин сактап, байкап айдоону эскертүү иретинде өткөрүлдү. Мындай веложүрүш республика боюнча жүргүзүлөрү айтылып, кезек Ысык-Көл облусуна берилди.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: