Дамира Ниязалиева: "Учурда өлкөдө 193 мектептин курулушу жүрүүдө, жыл соңунда 43ү колдонууга берилет"
КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңештин жыйынында: "Учурда өлкөдө 193 мектептин курулушу жүрүүдө, жыл соңунда 43ү колдонууга берилет",- деп билдирди. Бул тууралуу 18-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Акыркы эки жылдан бери бала бакчалардын имаратын мамлекетке кайтаруу жаатында активдүү иш-аракеттер жүрүп жатканына токтолуп: "Балдардын мектепке чейинки билим алуусунун маанилүүлүгүн эске алып, кыргыз өкмөтү Башкы прокуратура менен биргеликте менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтаруу багытында иш алып барууда. Азыркы тапта өлкөдө 1568 бала бакча болсо, анын 285и мамлекеттик, 992си муниципалдык жана 291и жеке менчик. Учурда 119 имарат кайтарылды",- деди Ниязалиева.
Мындан сырткары өлкө боюнча балдардын 18 пайызы гана мектепке чейинки билим менен камсыздалганын кошумчалады. Көрсөткүч Советтер Союзунун учурунда 35 пайыз болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

