super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Кумтөр" маселесинде кыргыз мамлекети өз кызыкчылыгын уттуруп жатат"

 

17-июнда КРнын Жогорку Кеңешинин 71 депутаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү даярдап келген "КРнын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбооруна 1-окууда "макул" деп добуш берди. Депутаттар добуш берүү менен "Кумтөр" кениндеги Давыдов мөңгүсүн жылдыруу аркылуу алтын кенин чапчып ачык казууга шарт түзүп, мыйзамдаштырып беришти.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча өз оюн төмөндөгүчө билдирди: "Кумтөр" маселесинде өлкөбүз өз кызыкчылыгын уттуруп жатат. Кечээ дагы депутаттар Давыдов мөңгүсүн талкалап алганга уруксат беришти. Кыргыз жерин чет элдик компаниялар башкарып жаткан шартта "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүнү баштап жиберүү - бул тобокелчилик жана жоопкерсиздик. Ошондуктан "Кумтөр" маселеси кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына адилеттүү чечилмейин, "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө каршымын!"- деди эл өкүлү.

Мыйзам долбоорунун биринчи окуудан өтүшүнө "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары толугу менен, башка фракциялардын кээ бир депутаттары кошулганда 33 депутат "каршы" деп добуш берди.

Эскерте кетсек, "Ата Мекен" фракциясы өзүнүн ушул жылдын 22-майындагы жыйынында аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизбөө сунушун билдирген. Ошол жыйындын жүрүшүндө "Кумтөрдө" буга чейин 77 миллион куб метр мөңгү талкаланганы, азыр дагы 18 миллион куб метр мөңгүнү талкалоо долбоору иштелип чыккандыгы белгилүү болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
18.06.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
текебаев тура айтат кыргыздар оздору иштете турган убакыт келип эле калды неге башкалар казып алышат
18.06.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кишини аябай сыйлайм
18.06.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин ата-бабалал кол тийгизбей бизге калтырган кол тийгис монгулорду, мынтип алардын урпактары талкалап жаткандыгын бабаларыбыздын арбагы сезип, куурулуп жатышса керек. Чет олколордун айтканын, айткандай аткарган эл башчылары, шатыратып колун которгон 71 депутаттар аман болсун! Текебаев айткандай "Кумтор" маселесин толук чечмейин "Жер-Уйду" иштетууго бербоо керек. Болот Шер которгон "Цианидсиз Кыргызстан!" демилгесин баарыбыз колдоо керек. Муундарга таза Кыргызстан керек. Алга Текебаев!
19.06.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кеч болелекте катуу киришсенер жакшы болмок,баардык баалуу жерлер тугонгону калды окшойт.
19.06.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akmosha,Убагында которулуп жатат. Кумтор болоорунча болду окшойт, калган кендерди, экологияны сактап калыш учун абдан коп иш жасоо керек. Так что кеч эмес досум
19.06.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
71 депутат оз кызыкчылыгын ойлоп атата аларга мекен керек эмес аларга акча бийлик кана керек биз о дейбиз бу дейбиз эч нерсе чече албайбыз оо жогоруда отурган эшек минерлер чечет баарын. Текебаевтин тиши отпой ататко биз жон эле ичтен сыздайбыз.
19.06.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Омурбек байке сыйлайм, жакшы саясатчы. Бирок ушул Кумтор боюнча такыр иш журбой койду го, соз гана болуп.
21.06.2015. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силердин оюндарынар учун кыргыз эл оз кызыкчылыгын уттуруп жатат,мындай пикирге кандай карайсынар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: