super.kg logo

Ошто ЕАЭБге кошулуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана күтүлүүчү терс натыйжалар туурасында жыйын өттү

 

Ош шаардык мэриясында Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу процессине байланыштуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу 18-июнда мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жыйынга Ош облусунун жана Ош шаарынын мекеме-уюмдарынын жетекчилери, Айыл чарба департаментинин жана айыл өкмөттөрдүн башчылары, Ветеринария, фитосанитария башкармалыгынын жана Салык, Бажы кызматтарынын жетекчилери, мындан сырткары ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты.

Жыйында ЕАЭБге кошулуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана айрым бир күтүлүүчү терс натыйжалар туурасында Экономика, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тиешелүү бөлүм башчылары жана Бажы кызматынын тиешелүү кызматкерлери тарабынан маалымат берилди.

Бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү жаңы шарттар туурасында баяндамачылар төмөндөгүлөргө токтолушту: ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын кошулуусу менен чек араларда бажылык тариздөө болбойт. Товарларды жүгүртүүдө 1,5 айга чейин мөөнөтүнөн жылдыруу менен кошумча нарктык салык төлөөгө мүмкүндүк берет жана экспорттолуучу продукцияларга жана продукциялардын коопсуздугун ырастоочу бардык документтерге бирдиктүү талаптар коюлат. Ошондой эле эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мунайзаттар, жыгач материалдары, металл прокаты жана стратегиялык маанилүү товарлардын алымсыз беримдери иштеп баштайт. Бирок айрым тобокелчиликтерди азайтуу үчүн чечүүгө зарыл болгон кандайдыр бир кыйынчылыктар күтүлүшү мүмкүн экендиктерин атап өтүштү.

Ага улай ЕАЭБге кошулуу менен алдыдагы терс натыйжалар туурасында да сөз болду. 

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо сиздерден сураныч Орусиядан департация болгондор качан Орусиянын территориясына кирууго уруксат берилери жонундо да маалымат бериниздерчи.Алдын ала ыраазычылыгымды билдирем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: