super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары эстон парламентинин делегациясы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, депутаттар Айнуру Алтыбаева, Динара Исаева, Галина Скрипкина, Майрамкан Кадырбекова, Таалайбек Ибраев бүгүн, 18-июнда парламенттик "Достук" тобунун төрагасы Михаил Корб баштаган Эстония парламентинин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат К.Иманалиев Кыргыз Республикасы Европа бирлигинин өлкөлөрү менен өз ара ишенимге жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген достук мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи. "Биздин өлкөлөрдү парламенттик башкаруу таризи бириктирет, бирок парламентаризмди Европада өнүктүрүү менен аны Борбордук Азияда өнүктүрүүнүн айырмасы бар",- деди ал.

Эстон парламентинин делегация башчысы Михаил Корб Эстония бардык өлкөлөр менен кызматташууга аракет кыларын, эстон парламентинде Кыргыз Республикасы менен "Достук" тобу түзүлгөнүн билдирди. Ал өз өлкөсүндө IT-технология, электрондук өкмөт өнүккөнүн, кыргыз өлкөсү менен топтолгон тажрыйбаны алмашууга даяр экенин айтты. «Эстониянын өкмөтү 2000-жылдан тарта интернеттеги электрондук тутумду колдонуу аркылуу кагазсыз документ жүгүртүү усулуна өткөн»,- деп, ал ордо калаалардын эле эмес, кичи шаарлардын деңгээлинде да кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: