Көркөм гимнастика боюнча Испанияда өткөн мелдеште кыргыз кыздары 17 медаль тагынышты


















11-14-июнь аралыгында Испанияда көркөм гимнастика боюнча Эл аралык "Vitry Cup+Junior" мелдеши болуп өттү. Ага Орусия, Украина, Түркия, Эстония, Кипр, Испания, Словения, Беларусь жана Кыргыз Республикасы сыяктуу мамлекеттер катышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке кыргыз желеги астында 5 жаштан 10 жашка чейинки курактагы 7 спортчу катышты. Жыйынтыгында алар 17 медалга жетишти (9 алтын, 4 күмүш, 4 коло).
Сыйлоо аземинде медалдарды спортчулардын моюнуна көркөм гимнастика боюнча алгачкы Олимпиада чемпиону Лори Фанг Мефорст такты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Суйунгонумон козумон жаш айланып кетти.