super.kg logo

Бишкекте Съездбек Искеналиев менен Замир Арыкбаевдин "Арноо" ырына тартылган клибинин бет ачары өттү

 
Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында ырчылар Съездбек Искеналиев менен Замир Арыкбаевдин "Арноо" аттуу ырына тартылган клибинин бет ачары өттү. Клипте башкы каармандардын ролун ойногон ырчылар айымдарга гүл тартуулашып, каалоо-тилектерин айтышып, көп кабаттуу имараттын алдында ырдашканы чагылдырылган.
Искеналиевдин айтымында, бул клипти тартуу көптөн бери пландалып келген. "Арноо" аттуу ырыбыз быйыл март айында жазылган. Ал мыкты ыр болгондуктан, ага ылайык видеотасма тартууну туура көргөнбүз. Ошондуктан айлананын баары жашылданганын күтүп жатканбыз",- деди Искеналиев.
"Арноо" ырында "аялзатсыз биздин келечегибиз болбойт", "аялсыз жашоонун кызыгы жок" деген ой айтылат. Клипте биз атактуу, кадыр-барктуу, элге эмгегu сиңген аялзатына, ошондой эле карапайым айымдарга гүл тартуулайбыз. Ошону менен апаларга, эжелерге, карындаштарга болгон сый-урматыбызды көрсөтүүгө аракет кылдык",- деп кошумчалады ырчы.
Иш-чарага клипке тартылган айымдар да катышты. Видеотасма көрсөтүлгөн соң алар ырчыларга ыраазычылыктарын билдирип, куттуктоо сөздөрүн айтышып, ийгиликтерди каалашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: