super.kg logo

Кара-Суу районундагы Папан айылынын 9 калктуу пункту айыл категориясына киргизилет

 
Кара-Суу районундагы Папан айылынын 9 калктуу пунктун айыл категориясына киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеш 2-3-окууда добуш берүүгө жиберди.
Мыйзам долбоору боюнча депутат Абдыманап Кутушев баяндама жасады.

Калктуу пункттардын жашоочуларынын жыйындарынын токтомдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Чычкан-Көл, Андагүл, Жаңы-Турмуш, Жар-Башы калктуу пункттарына айыл макамын берүү жөнүндө Папан айылдык кеңеши 2014-жылдын 13-мартында токтомдорду кабыл алган. Кара-Суу райондук администрациясынын 2014-жылдын 25-декабрындагы токтомдору менен жогоруда аталган калктуу пункттарга айыл макамын берүүгө макулдук берилген.

Аталган мыйзамдын долбоору жергиликтүү элдин ыңгайлуу жашоосуна шарт түзүүнү, алардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн, ички миграциянын кыскаруусун жана азыркы учурдагы күчүндөгү мыйзамдарга ылайык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдү иретке келтирүүнү көздөйт. Калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жергиликтүү жамааттарга өз Конституциялык укуктарын ишке ашырууга жана өз кызыкчылыктарында жоопкерчиликтеринин астында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жана натыйжалуу өнүгүүнү шарттайт.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: