Уюштуруу комитети Алымбек датканын 215 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар планын талкуулады

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында 18-июнда кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлады.
Жыйын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан дайындалган Алымбек датканын 215 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралар планын тыкыр талкууга алышты.
"Планга республиканын бардык райондорунда жана облустарында өткөрүлчү иш-чаралар киргизилген. Ага ат оюндары, илимий-практикалык жыйындар, музейлердеги көргөзмөлөр, театралдык спектаклдер кирет",- деп маалымдады маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов. Ошондой эле ал Ош облусунда өткөрүлгөн көчмө жыйындын жүрүшүндө негизги иш-чараларды Ош облусунун Алай районунда жана Ош шаарында өткөрүү чечими кабыл алынганын белгиледи.
Маматалиев сунушталган планды толук көлөмдө ишке ашыруу зарыл экенин айтты.
"Алымбек датка Асан бий уулу - белгилүү тарыхый инсан. Ал тууралуу көптөгөн маалыматтар жоголуп кеткен, бардык архивдик материалдарды топтоп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн орнотууга кошкон салымын коомчулукка жеткирүү маанилүү",- деп белгиледи вице-премьер-министр.
Ошондой эле анын жашоосу тууралуу видеотүрмөктөрдү даярдоо жана анын өмүр баянын чагылдырган китеп басып чыгуу зарыл экенин кошумчалады: "Алымбек датка кыргыз урууларынын ортосундагы ынтымакты чыңдоого көптөгөн салым кошкон. Анын демилгелери учурда абдан маанилүү жана аны келечек муунга кандай жеткирүү маселеси биздин ар бирибизден көз каранды".

