“Жаш-Күч” командасы кум үстүндөгү волейбол боюнча Ош облусунун чемпиону аталды
16-июнда Ош шаарынын жана Ош облусунун кум үстүндөгү волейбол боюнча алгачкы чемпиондугу жыйынтыкталды. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдешке 8 команда катышып, тайпалык баскычтан жарым финалга “Дархан”, “Жаш-Күч”, “Ош бажы” жана “Араван” командалары чыкты.
3-орун үчүн оюнда “Дархан” командасы атаандашы “Араванды” 2 партияда утуп алды. Ал эми финалда “Ош бажы” менен “Жаш-Күч” кез келип, катуу кармаш болду. 3 партиянын жыйынтыгында “Жаш-Күч” командасы жеңишке жетишип (2:1 эсебинде), шаар жана облус чемпиону аталды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.