super.kg logo

Кеминде Жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөө кызматынын өкүлү "айдоочудан 15 миң сом пара талап кылган" деп шектелүүдө

 

"Кемин" жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөп өткөрүү бекетинин кызматкери "айдоочудан 15 миң сом пара талап кылган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу 19-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-июнда К.Р. аттуу жаран Чүй ОИИББине арыз менен кайрылып, опузалап акча талап кылган Жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөө кызматынын өкүлүнө карата чара көрүүнү суранган.

Ошол эле күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан иш бөлмөсүнөн талап кылынган акчанын (1000 сом) бөлүгүн алып жаткан учурда А.С. аттуу кызматкер колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: