super.kg logo
  Саясат  

Жолдошова өкмөт башчы Сариевге: "Президенттей эле болбойсузбу, президентибиз "скромный"

 
Жогорку Кеңештин 19-июндагы отурумунда депутат Жылдызкан Жолдошова өкмөт башчы Темир Сариевдин 11-июнда Ош шаарына жасаган иш сапарын сынга алды. Анын айтымында, Ош шаарында Ош окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасында милиция "жетекчилер келишет" деп элди кысымга алып, ашыкча басууга тыюу салган жана катуу текшерип чыккан. "Мен сизди "скромный" болууга чакырам. Мына, президентибиз "скромный" эле жүрөт го. Аймактарга барса, эки-үч гана адам коштоп барат. Сизди 30 киши коштоп барды. Милиция сизди келет деп элди кысымга алды",- деди Жолдошова. 
Сариев депутаттын айтканын эске аларын билдирди. "Негизинен ал жерге мен эле эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун да барды. Алардын талабы ошондой, алдын ала дыкат текшерип чыгышат, бирок айткандарыңыз эске алынат",- деп жооп берди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: