Камактагы Нурлан Усеновго каршы "мыйзамсыз акча алды" деген мааниде төрт арыз жазылган














Бүгүн, 19-июнда Бишкектин эски аянтында өтүп жаткан митингге УКМКнын Чүй облусундагы башкармалыгы жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын эки кызматкери да катышты. Белгилүү болгондой, "Нур күч" коомдук уюмунун жетекчиси Нурлан Усеновго каршы төрт адам "мыйзамсыз акча талап кылды" деп арыз жазган. Мындан улам Усенов быйылкы жылдын 11-майында "алдамчылык" беренеси боюнча кармалып, №1-СИЗОго киргизилип, ал эми 29-майда үй камагына чыгарылган. Митингчилердин айтымында, төрагага каршы жазылган арыздардын ээлери уюмдун мүчөлөрү болгон эмес.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Айта кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр инвесторлордун жардамы менен аз пайыздык көрсөткүч менен Бишкектин Туңгуч кичи районунан ары жайгашкан 163 гектар бош жерди насыяга алышмак. Бирок алардын жетекчиси камакка алынгандыгына байланыштуу иш токтоп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.