super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2015-жылдын республикалык бюджетине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеси каралууда

 

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезекиз жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Премьер-министр Темир Сариев өлкө ЕАЭБге кошулуп жатканын, парламенттик шайлоо өтөрүн эске салып, ушу сыяктуу дагы башка бир катар себептерге байланыштуу республикалык бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болгонун айтты. “Өзгөртүүлөр социалдык-экономикалык өнүгүүнүн учурдагы кырдаалы менен шартталган. Алсак, 2014-жылы ички дүң продукциянын өсүш арымы басаңдады. Ошентип, экономиканын өсүшү мурда бекитилген 6,2 пайыздын ордуна 2,0 пайыз деңгээлинде күтүлүп жатат”,- дейт ал.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев чет өлкөлүк валюталарга карата улуттук валютанын алмашуу кунунун туруксуздугуна, дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшүнө байланыштуу калктын инфляциялык күтүшү, импорттук товарлардын кымбатташы, тариф саясатынын өзгөрүшү мурда бекитилген 8,7 пайыз инфляция ордуна 11,3 пайыз деңгээлинде күтүлүп жатканын билдирди. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 7493,3 миллион сомго көбөйтүү сунуш кылынууда.

2015-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары 136573,1 миллион сомду түзө турганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 25327,1 миллион сом, ички дүң продукцияга карата 5,8 пайызды түзөт же бекитилген көрсөткүчтөн 10440,7 миллион сомго көп. Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2015-жылы 25327,1 миллион сом өлчөмүндөгү каржылоо булактары каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: