super.kg logo
  Саясат  

ЕЭКтин жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын аталган биримдикке кошулуу даярдыгы талкууланды

 

Бүгүн, 19-июнда өкмөт башчы Темир Сариев Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев 2015-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Евразия экономика биримдигине кошулуусу боюнча келишимдин протоколуна кол коюлганын эскертип, учурда өкмөт бул жараянды ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди. Премьер-министр учурда келишим Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ички макулдашуусунан өтүп жатканын кошумчалады. Бул жараяндар аяктаган соң, Кыргыз Республикасы жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы өнөктөштөрү менен чек арасы ачылып, өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү өлкөнүн санитардык жана ветеринардык кызматтарынын даярдыгын текшерүү жыйынтыгы тууралуу айтып беришти. Бул жумушчу топтун төрагасы, Евразия экономикалык биримдигинин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча департаментинин директору Олег Арнаутов Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарынын бул багыттагы иштерин оң баалап, тиешелүү жумушту улантуу зарылдыгын билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев жумушчу топтун мүчөлөрүнө аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. “Сиздердин ишиңиздер чек араларды ачууга тиешелүү деңгээлде даярдык көрүүгө түрткү болот жана мындан аркы кызматташуунун максаттарын анализдөөгө шарт түзөт”,- деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: