2015-жылдагы битир-садаганын 1 адамга болгон баасы минималдуу 40 сомду түзөт

Кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын №02-фатвасына ылайык, битир-садага берүүнүн, жыйноонун жана аны шариятка ылайык жумшоонун тартиби бекитилди. Битир-садага берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса, өз ыктыяры. Албетте, динде бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөк садага берүү сунушталат.
|
Буудай |
Мейиз |
Ун |
Арпа |
Курма |
Орточо баа |
25 сом |
200 сом |
32 сом |
20 сом |
150 сом |
Өлчөм |
1,600 кг |
1,600 кг |
1,600 кг |
3,200 кг |
3,200 кг |
Жалпы (битир-садаганын баасы) |
40 сом |
320 сом |
52 сом |
64 сом |
480 сом |
Дин башкармалыгынан кабарлашкандай, 2015-жылдагы битир-садаганын 1 адамга (жан башына) болгон баасы минималдуу 40 сомду түзөт. Башкармалыктын маалыматына ылайык, кыргыз мусулмандары үчүн зекетти берүүнүн өлчөмү алтын наркында эсептегенде, 85 грамм (орто эсеп менен) алтынды 1230 сомдон эсептегенде 104 550 сомду түзүп, анын кырктан бири 2613 сомду түзөт. Ал эми күмүш баасында эсептегенде, 595 грамм (орто эсеп менен) күмүштү 35 сомдон эсептегенде 20825 сомду түзүп, анын кырктан бири 521 сомду түзөт.
Эскерте кетсек, зекет катары күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселер (үй, машина, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк) берилбейт.









1 |