super.kg logo
  Саясат  

Малайзия журналисттеринин кыргыз жерине иш сапары менен келишери күтүлүүдө

 

Куала-Лумпур шаарында 17-июнда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен Малайзиянын маданият жана туризм министри Дато Сери Мухамед Назри бин Абдул Азиз жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун башында Кылычбек Султанов кыргыз өлкөсүнүн алдынкы ММКларынын журналисттеринин министрликтин өкүлдөрү менен жолугушуусуна көрсөткөн көмөгү үчүн министр Мухамед Назриге ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары элчи кыргыз өлкөсү менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу мамилени мындан ары да өнүктүрүү максатында жакынкы аралыкта Малайзия ММКларынын кыргыз жергесине болчу иш сапарын уюштуруу пландалып жатканын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мухамед Назри Кыргыз Республикасы үчүн Малайзияда ар кандай жарманке, көргөзмөлөрдү жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттар түзүлөрүн билдирди. Ошондой эле министр Малайзия туризм жаатында өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, жакында кыргыз өлкөсүнүн журналисттеринен жана искусство өкүлдөрүнөн турган топ Малайзияга иш сапары менен барып келген.

Маалымат үчүн: Малайзия өлкөгө келген туристтердин саны боюнча дүйнөдө 13-орунда (2014-жылы өлкөгө 27,4 миллион турист келген) жана туризмдин эсебинен түшкөн каражаттын көптүгү боюнча 11-орунда турат (2014-жылы туризм тармагынан 20 миллиард доллардан ашуун киреше түшкөн). Туризмдин өнүгүшү жактан алганда Малайзия Тынч океан чөлкөмүндө Кытай жана Таиланддан кийинки эле орунду ээлейт. Туризмдин кирешеси ички дүң продукциянын 7 пайызын түзөт жана туризм киреше толтуруу көрсөткүчү боюнча электротехникалык өндүрүш, мунай жана газ, пальма майын өндүрүүдөн кийинки 4-орунда. 

Малайзия өз аймагына туристтерди тартуу үчүн бир катар өлкөлөргө, мунун ичинде кыргыз мамлекетинин жарандары үчүн визасыз режим киргизген. Малайзиянын Туризм жана маданият министрлигин 2013-жылдын 16-майынан бери Дато Сери Мухамед Назри бин Абдул Азиз жетектейт. Ал "Бириккен малай улуттук уюму" саясий партиясынын мүчөсү. 2004-2013-жылдары премьер-министрдин аппаратында укук жана соттук реформа бөлүмүнүн министри, 2004-жылга чейин Малайзиянын ишкердикти өнүктүрүү министри болуп иштеген.    


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: