super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчётко "канааттандырарлык" деген баа берди

 

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын 2014-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун маалыматы угулду.

Анын айтымында, 2014-жылдагы акчалай база 73,1 миллиарддан 64,5 миллиард сомго чейин азайган. Экономикага акчаларды сунуштоо негизинен мамлекеттик каржы сектору тарабынан жүзөгө ашырылып, ал акча базасынын 10,1 миллиард сомго көбөйүшүнө салым кошту. Улуттук банктын валюта рыногундагы операцияларынын жана ачык рыноктогу операциялардын эсебинен акчалай 18,8 миллиард сомго кыскарган.

2014-жылда алмаштыруу курсунун карама-каршы кыймылы байкалган. Жалпысынан 2014-жылы доллардын курсу 19,6 пайыздан 49,2470 пайызга чейин, 1 доллар үчүн 58,8865 сомго чейин курсу жогорулаган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин серпилүүсүн басаңдатуу максатында валюталык интервенцияларды жүргүзгөн.

Жыйынтыгында Улуттук банктын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчёт "канааттандырарлык" деп табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: