super.kg logo

Жоомарт Сапарбаев: "Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук мүчө болгондон кийин туризм, бизнес тармагы жакшырат деген үмүттөбүз"

 

“Ата Мекен” партиясы жер-жерлерде райондук конференцияларын жыйынтыктап жатат. 18-июнь күнү Ысык-Көл облусунда партиянын Тоң райондук конференциясы өтүп, “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Жоомарт Сапарбаев, аймактагы партия мүчөлөрү жана активисттери чогулушту. Жергиликтүүлөр айыл чарба продукцияларын экспорттоо, аймакта туристтерди тартуу үчүн иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча маселени талкуулашты.

“Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук мүчө болгондон кийин жер-жерлерде туризм, айыл чарба, бизнес тармагы жакшырат деп үмүттөнөбүз. Анткени сиздер өндүргөн эт, картошка, жашылчалар тез жана жеңил экспорттоло баштайт. Чек аралардын ачылышы менен туристтердин келиши да арбыйт”,- деди Сапарбаев.

Мындан тышкары балдар бакчасы, мектептердеги билимдин сапатын жакшыртуу да конференцияда башкы тема болду. Партиялык иш-аракеттерди жакшыртуу менен күздө боло турган парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү тапшырмаларын сүйлөштү. Тоң районунун жашоочулары учурда аймактан чыккан Жогорку Кеңеште бир да эл өкүлү болбогондуктан, жергиликтүү элдин маселелерин көтөргөн же бийликке жеткирген депутат жок экендигин белгилеп, быйыл өтө турган шайлоо менен маселе чечилет деп үмүттөнүшөрүн айтышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.06.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле ЕАЭБдин пайдасы чон Кыргыз элим, жерим, жердештерим учун.
20.06.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Medina87, ЕАЭБге толук кандуу болуп кошулушубуз эле кыйын болдуго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: