Парламент алкоголдук ичимдиктерди саат 22:00дөн кийин сатууга тыюу салуучу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөттү
Жогорку Кеңеш 19-июнда өлкөдө алкоголдук ичимдиктерди сатууну чектөөгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулаган соң, аны толуктап иштеп чыгуу үчүн 2-окуу режиминде калтырды. Буга өкмөттүн долбоор боюнча корутундусу жок болгондугу себеп болду.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоору менен депутаттар түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 08:00гө чейин алкоголдук продукцияларды сатууну чектегени жатышат. Мындан тышкары долбоордо сыра ичимдигин 2 жана андан жогору литрдеги желим бөтөлкөдө өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

