super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургда Эл аралык экономикалык форумга катышууда

 

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында XIX Эл аралык экономикалык форумга катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда президенттик аппараттан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин аталган форум ачык жана ишеничтүү сүйлөшүүгө ыңгайлуу аянтча экенин белгилеп, Орусияга болгон кызыгуу жана ишенич үчүн конокторго ыраазычылыгын билдирди. "Биз өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда тең укуктук жана сый-урмат шарттарында иштөөгө даяр мамлекеттер менен кызматташууга умтулуудабыз",- деди Путин.

Айта кетсек, XIX Эл аралык экономикалык форумга өлкө лидерлери, өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жана ири ишканалардын жетекчилери, экономисттер, окумуштуулар катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: