Бишкекте балдарга арналган "Ынтымак бакчасы" аттуу жайкы шаттык долбоорунун ачылышы болду



























Бишкектеги Түштүк дарбазасындагы "Жеңиш" сейил багында бүгүн, 19-июнда балдарга арналган “Ынтымак бакчасы” аттуу жайкы шаттык долбоорунун ачылышы болду. Ага карата шаардагы балдарга концерттик программа тартууланды. Анда “Таберик” балдар музыкалык театрынын концерти, оюн-зооктор, таймаштар орун алды.
Иш-чараны Бишкек шаардык
кеңешиндеги КСДПнын депутаттары уюштурушту. Долбоор август айына чейин
шаардын 4 районунда өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутат Алмаз Кененбаев билдирди. Анын айтымында, мындай иш-чаралар аркылуу балдарды эстетикалык жактан тарбиялоого өбөлгө түзүп, жайкы эс алуу күндөрүнүн кызыктуу өтүшүнө себеп болот. "Бардык эле балдарда жайкы лагерге баруу мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Алар үчүн спорттук оюндар, концерттик программаны көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз",- деди ал.

