super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекетинин жарандарына Орусиянын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген документке кол коюлду

 
Кыргыз мамлекетинин жарандарына Орусиянын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген документке кол коюлду. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда макулдашууга 19-июнда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский кол коюшту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 
Документке ылайык, Орусиянын жарандары да кыргыз жеринде ошондой шартта жүрө алышат.

Андан кийин Алмазбек Атамбаев менен Константин Ромодановский кол коюлган документке тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу эске алынып, Федералдык миграциялык кызматы тарабынан үч жылга кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандарына, эгерде ушул мөөнөттүн кеминде теңи өтсө, Орусияга кирүүгө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошол эле учурда Орусиянын миграциялык мыйзамын бузган кыргыз атуулдарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде эч кандай санкция колдонбостон, Орусиянын аймагынан эркин чыгып кетүүгө жана тоскоолдуксуз кайра кирүүгө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: