5-июнда төрөлгөн үч эм адистештирилген балдар үйүнө чыгарылат

5-июнда үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл Камчыбек кызы Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан адистештирилген балдар үйүнө чыгарылат. Бул тууралуу 20-июнда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, аталган балдар үйүндө медициналык кароо жана бардык шарттар түзүлгөн. Үч эм бүгүнкү күндө
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун наристелердин патология бөлүмүндө жатат.
Айта кетсек, Бактыгүл Камчыбек кызы буга чейин Бишкекте үйү жок экенин айтып, өкмөткө жардам сурап кайрылган. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев жардам катары100 миң сом, өкмөт 100 миң сом бөлүп берген.
Айта кетсек, Бактыгүл Камчыбек кызы буга чейин Бишкекте үйү жок экенин айтып, өкмөткө жардам сурап кайрылган. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев жардам катары100 миң сом, өкмөт 100 миң сом бөлүп берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Орозонун улук кунундо элибиз деле жардам бери п койсо сооп боло беле.Депутаттар деле соопчулук учун ортодон уй алып берсе...
Атасы жок уч эмге,энесине жардам деп счет ачсанар эл деле жардам берсе керек.Окмот уй алып бербегенден кийин кайрымдуулук кылгыла деп элге чагылдырып жарыя кылгыла карапайым эл которот.Окмот,депутаттар элди карап турсун...
кана эмесе менин 3 балам болсо
Акыркы убакта шайлоо деп коптогон саясий партиялар эл учун куйгондой болуп,иш жургузуп жатышат (партиялардын ичинде чыныгы эл жерин суйгон кызмат кылам деген эр азаматтарда бар).Партиялар концерт оюн зоокту азыраак уйуштуруп, жол ондоп……..муктаж болгон уй булоолорго жардам колун узатса элибизда бааламак.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.