Нарында 20 жаштагы келин киши колдуу болуп көз жумду
19-июнда Нарын облусунун Нарын районунда 20 жаштагы келин киши колдуу болуп көз жумду. Бул тууралуу аталган райондун Ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, кырсык район борборундагы үйлөрдүн биринде катталган. Ал жерге Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу келип, текшерүү жүргүзүп, кылмыштын кесепетин аныкташты. Анда айтылгандай, ошол эле күнү саат 16:00 чамасында аял 21 жаштагы күйөөсү экөө уруша кетип, күйөөсү аны бычак менен сайып жиберген. Натыйжада келин каза болгон. Учурда шектүү делинген адам кармалып, киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
-1

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.