super.kg logo
  Саясат  

Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү

 

19-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Жыйын президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында өткөнүн мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Анда комиссиянын 2014-жылдагы иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, кыргыз өлкөсүнүн элинин маданий жана тарыхый мурастарын сактап калуу, улуттук тарыхый илимдерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келерки жылдагы аткарылчу негизги иштер талкууланды.

Комиссиянын мүчөсү, “Мурас” кыргыз өлкөсүнүн элинин тарыхый жана маданий фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чороев кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, анын ичинде Кыргыз каганаты маселелери боюнча өткөрүлүп жаткан түрдүү илимий-практикалык конференциялар жөнүндө баяндап берди.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган, президент Алмазбек Атамбаевдин 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө тиешелүү жарлыгын аткаруу алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө пландарды дагы талкуулашты.

Комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик архивдеги документтерди электрондук жана санариптик форматка өткөрүү иштеринин, ошондой эле башка мамлекеттердин архивдери менен кызматташуунун маанисин белгилешти.

Нарымбаев комиссия мүчөлөрү масштабдуу иш аткарды деп белгиледи.

“Алдыда абдан маанилүү маселелер турат. Биз комплекстүү иштерди улантып, мындан да бийик максаттарды коюшубуз керек. Элибиздин калыптанышынын маанилүү этаптары жөнүндө бирдиктүү көз карашты калыптандыруу маселелери жана заманбап китептерди басып чыгаруу – бүгүнкү күндүн талабы”, - деди Нарымбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: