Валерий Диль "кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгынын келечеги транспорт жана өндүрүш тармагында" дейт
Кыргыз мамлекети Кытай менен соода кызматташтыгын мындан да кеңейтүүгө кызыкдар. Муну вице-премьер-министр Валерий Диль Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда (СУАР) Коммунисттик партиянын партиялык комитетинин катчысы Чжан Чуньсян менен жолугушууда билдирди.
"СУАРга кыргыз-кытай соода айлантуусунун 80 пайызы туура келет. Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыты: транспорт, логистикалык борборлорду куруу, өндүрүш товарларын чыгаруу тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу",- деди Диль.
Кытай мамлекетинин өкүлү Хоргос жана Кашкар шаарларында экономикалык аймактардын түзүлүшү биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

