25 жыл мамлекетке кызмат кылган күч түзүмдөрүнүн ардагерлери үй ала албаганы үчүн өкмөткө нааразы болушууда
Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери үй бөлүнүп берилбегени үчүн өкмөткө нааразычылыгын билдиришүүдө. Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Памирбек Султанкулов бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында билдиргендей, үй ала албаган күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин саны 15 миңден ашат. "Биз өкмөткө кайрылсак, алар бул ишти мэрияга тапшырып жатат. Ал эми мэрияга барсак, алар иштерди райондордун акимдерине тапшырдык дешет. Каражаты жок, мүмкүнчүлүгү чектелген райондук администрация бизге кандай жардам бере алат? Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Эмнеге депутаттар жана башка чиновниктер кенен-кенен жер тилкелерин бөлдүрүп алышат да, 25 жыл мамлекетке кызмат кылгандар үйсүз калышат? Эч болбосо кандайдыр бир жеңилдиктер менен үй куруп беришсе болмок. Мына мен үй алайын деп жатканда менин ордума башкалар алып кетишти. Жерди жана үйдү чуркагандар алышты. Мен өз укугумду билбегеним үчүн үйсүз калдым",- деди П.Султанкулов.
Автор: Максат Кудайбердиев
Памирбек мырза жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында иштеп, ардактуу эс алууга чыкканын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Мэриянын жанылыктарын уксан баланча структурага уй салдык тукунчо структурага уй салдык дешет.
Бирок ал уйлорду салынып жатканда эле коррупцияга малынгандар башка акчалууларга кымбатыраак сатып жиберишет. Жазалма документтер менен. Медиктерге, финансистерге деп салынган уйлорду барып текшерсенер таптакыр тиешеси жок адамдар жашап жатышат.