super.kg logo

"Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери үй алуу үчүн өз укуктарын билиши керек эле" дейт юрист

 
Бүгүн, 22-июнда күч түзүмдөрүнүн ардагерлери үй бөлүнүп берилбегенин айтып, маалымат жыйынын өткөрүштү. Ардагер Памирбек Султанкулов ардагерлердин үй албай калганы мыйзам иштебегенине жана өкмөттүн иштебей жатканына байланыштуу экенин айтты. Ал эми ага жанаша отурган К.Асаналиев атындагы Аскердик акыйкатчы институтунун жетекчиси Анвар Сартаев бардык маселе боюнча өкмөттү күнөөлөгөн туура эмес экенин айтты. "Эгер ардагерлер убагында аракет кылып, өкмөткө кайрылганда, үй алып калышмак. Азыр мурункудай заман эмес да, ардактуу эс алууга чыккандан кийин артыңдан издеп келип үй бергидей. Ардагерлер мыйзам менен жакындан таанышышы керек эле",- деди А.Сартаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: