super.kg logo
  Саясат  

Саламаттыкты сактоо мекемелерин курууга 5 айда 20 миллион сом жумшалганы айтылды

 
2015-жылдын январь-май айларында “капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин чыгашасы 827 миллион сомду түздү. Каржы министрлигинин бүгүн, 22-июнда билдиришинче, мунун ичинен билим берүү объекттеринин курулушуна 345,4 миллион сом, саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна 20,3 миллион сом, маданият жана спорт мекемелеринин курулушуна 27,2 миллион сом, жол тармагынын (автожолдор менен көпүрөлөрдүн) курулушуна 99,5 миллион сом жумшалды. "Калган каражаттар турак жай-чарба объекттеринин, суу чарба курулмаларынын жана башка объекттердин курулушуна бөлүндү. Аталган беренени каржылоо март айынан баштап ишке ашырылууда",- деп билдирет министрлик.  

Маалымат үчүн:

Капиталдык салымдар – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген долбоорлорду сметалык каржылоону өз ичине камтыган, мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланыла турган өнүктүрүү бюджетиндеги берене.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: