Бишкекте жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык мелдеш болуп өттү


























20-21-июнда Бишкекте жеңил атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган мелдеш болуп өттү. 18-ирет уюшулуп жаткан мелдеш Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болуп, ага Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана кыргыз өлкөсүнөн 340 спортчу катышты.
Анда жалпысынан алыстыкка секирүү, бийиктикке секирүү, шыргый менен секирүү, шыргый ыргытуу сыяктуу спорт түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, Татьяна Колпакова алыстыкка секирүү боюнча 1980-жылы Москва Олимпиадасында алтын медаль тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.