Кыргыз улуттук аскер лицейинин 63 бүтүрүүчүсү аттестаттарын колго алышты






Бүгүн, 22-июнда Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде кезектеги 29-бүтүрүүчүлөрдүн кечеси болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жайдын ушул жылдагы 63 бүтүрүүчүсү толук орто билими тууралуу эңсеген аттестаттарын улук офицерлердин колунан алышты. Ал эми бүтүрүүчүлөр Нургазы Сапарбаев, Марлен Курманбеков жана Иван Гриб окууну артыкчылык менен аякташып, баалуу белектерди алышты.
Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн мугалимдерине 3 жыл бою берген билимдерине, көрсөткөн камкордугуна ыраазычылык билдиришти. Оркестрдин коштоосунда лицейдин туусун алып салтанаттуу марш менен өтүштү.
Салтанатка Д.Асановдун жубайы Жамалбүбү апа, Республикалык жоокерлер энелеринин коомдук бирикмесинин, Баткен согушунун ардагерлер коомунун өкүлдөрү жана 1995-2005-жылдын бүтүрүүчүлөрү келишти.
Белгилей кетсек, лицейдин бүтүрүүчүлөрү жалпы мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн өтө деле айырмалана беришпейт, ошону менен бирге
алардын жүрүш-турушунда тыкандык, тартип бар, ал эми адаттагы костюм-шымдын ордуна
алар параддык аскер формасын кийишет.

